Экс-президент өзүнө кымбат мавзолей куруп жатат

Автор

Түркмөнстандын Аркадаг шаарында мечиттин курулушу кызуу жүрүп жатат. Жанына экс-президент Гурбангулы Бердымухамедовдун мавзолейи болот.
Эки имараттын тең курулушу мурдагы президенттин эски досу Какаджан Ташлиевдин фирмасына берилген. Мечиттин курулушу мамлекеттик бюджетке 400 миллион доллардан ашык чыгым алып келет. Мавзолейдин баасы белгисиз. Имараттар асыл таштар менен кооздолот. Түркмөнстанда Сапармурат Түркмөнбашы атындагы эң чоң мечит 2004-жылы ачылган. Андан эки жылдан кийин Түркмөнбашы көз жумган. Сөөгү үй-бүлөлүк күмбөзгө коюлган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 10-январга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 89.20 сомдон болсо, сатуу 89.70 сом болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 89 сом 28 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн