Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга келип – келбеши жөнүндө маселе күчөгөн сайын коомдо ар түрдүү талкуу жүрүүдө. Бул боюнча депутаттар дагы эки ача пикирге ээ. Жанар Акаев болсо, “Курманбек Бакиев 20 жылга соттолуп, соттун чечими чыккан. Ал канкор. Ала-Тоо аянтында канчалаган адамды аттырбады беле”- дейт. Ал эми Исхак Масалиев адилеттүү сот болсо, жыйынтык башка болоорун эскертип, ошол кезде “Альфа” Форум жакта курал жарагын таштап, баса бербеди беле. Бакиевдин өзү жок эле соттоп койгондору абсурд нерсе”-деген.