Экс-президентти кармап, түрмөдө таразага тартышты

Автор

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Атлантага учуп келип, шайлоого кийлигишкен деген кылмыш иши боюнча Фултон округундагы түрмөгө камалды.
Ал жерде саясатчы абак тизмесине катталып, сүрөткө тартылып, таразага тартылды.  Трамптын салмагы 97,5 кг, бою 190,5 см экени белгилүү болду.  Ал АКШнын тарыхында камакка алуу учурунда сүрөткө түшкөн биринчи мамлекет башчысы болуп калды.
Көп өтпөй мурдагы америкалык лидер 200 миң доллар күрөөгө бошотулганын CNN билдирди.  Трамп түрмөдө болгону 20 мүнөткө жакын отурганы, андан кийин анын кортежи Атлантадагы Хартсфилд-Жексон эл аралык аэропортуна жөнөп кеткени көрсөтүлгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүшү күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 27-28-августунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. ӨКМ кокту-колоттордон топтолгон селдин алдын алуу максатында үй жанындагы арыктарды, дренаждык каналдарды тазалоону эскертет. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн