Майами соту АКШнын экс-президенти Дональд Трампка жашыруун документтерди мыйзамсыз сактагандыгы үчүн саякатка чектөө киргизген жок. Бул Дональд Трамп президенттик шайлоо кампаниясын тоскоолдуксуз өткөрө алат дегенди билдирет.
Дональд Трамп өзүнө коюлган 37 айыптын баарын четке кагууда. Ага иш боюнча күбөлөр менен сүйлөшүүгө уруксат берилген эмес. Отурум жабык өттү.
Бул Дональд Трамптын акыркы айларда сот залына экинчи жолу барышы болду. Апрель айында ал актриса менен мамилесине байланыштуу сот ишинде күнөөсүн мойнуна алган эмес.