Кенже Кеннеди 2024-жылы Демократиялык партия катары президенттикке ат салышуу үчүн Федералдык шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Арызды 5-апрелде анын шайлоо штабынын казыначысы Жон Э.Салливан тастыктады. 69 жаштагы Жон Кеннеди Нью-Йорктун мурдагы сенатору, АКШнын башкы прокурору Роберт Кеннединин уулу жана 1963-жылы киши колдуу болгон АКШнын президенти Жон Кеннединин жээни.
CNN билдиргендей, кенже Кеннеди вакциналарга каршы. “Ал вакциналар менен аутизмдин байланышы боюнча маалыматтарды жайылтып, балдардын ден соолугун коргоо уюмун негиздеген. Ошондой федералдык өкмөттүн пандемияга каршы мамилесин сынга алган. Жаратылыш ресурстарын коргоо кеңешинде иштеп, экология боюнча юридикалык компанияны негиздеген.