Экс-президентке 30дан ашык айып тагылды

Автор

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка 30дан ашык айып тагылды.
2018-жылдын январь айында The Wall Street Journal гезити Трамп 2006-жылы актриса Сторми Дэниэлс менен мамиледе болгону жана 2016-жылдагы президенттик шайлоого аз калганда унчукпоо үчүн ага 130 миң доллар төлөгөн деген макаланы жарыялаган. Трамп өзү Дэниэлс менен жеке мамилеси жок деп ишендирүүдө.
Экс-президент Дональд Трамп шейшембиде сотко катышаары күтүлүүдө.
Бир катар белгилүү республикачылар АКШнын 45-президентинин сотуна каршы чыгышып, Манхэттен округунун прокурорун саясий себептерден улам өз ыйгарым укуктарынан аша чаап кетти деп айыпташты.
Ошол эле маалда Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Чак Шумер “Трамп ар бир америкалык сыяктуу мыйзамдарга баш ийиши керек”-деген билдирүү таратты.
Анын айтымында, Трамптын тагдырын саясат эмес, сот системасы жана сот арачылары чечиши керек.

Бөлүшүү:
Next Post

Жаздын эң модалуу сырт кийими аталды

Бул сезондо атактуулар көп жолу эл алдына кийип чыккан күрөң саргыч түстүү, оверсайз стилиндеги плащ мода болуп жатат. Бул кийимди күнүмдүк бут кийимдер, мисалы, кроссовкалар, ошондой эле классикалык ​туфли, лоферлер менен айкалыштырууга болот. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн