Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шайлообек Атазов чоң спортко кайра кайтып, 3 айдан кийинки Тайландда өтө турган Эл аралык бокста күч сынашаары белгилүү болду. Учурда аны дүйнөгө атагы чыккан машыктыруучулар мелдешке даярдап жатышат. Мелдештин байге фонду 2 млн доллар.
Шайлообек Атазов 2024-жылдын 13-мартында ошол кездеги башкы прокурор Курманкул Зулушевди негизсиз куугунтук жүргүзүп жатат деп айыптаган. Ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон.
Ал эми 2024-жылдын 3-июнунда Башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматынан четтетилген.