Экс-депутат Марс Насбековдун ордуна БШКга мүчө болот

Автор

Жогорку Кеңештин Конституциялык комитети бүгүн, 3-сентябрда, Марс Насбековдун Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү комиссиясынын мүчөлүгүнөн өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселесин карап жатат.
Насбеков 2021-жылдан бери БШКнын мүчөсү болуп келген. Мындан тышкары, ал Кыргыз Республикасындагы Инвестицияларды өнүктүрүү агенттигин (АРИС) жетектейт. Насбеков Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик квота боюнча көрсөтүлгөн. Азыр анын ордуна мурдагы депутат Мейкинбек Абдалиев талапкер болуп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Парламенттик шайлоодо президенттин партиясы жеңишке жетти

Азербайжандын «Ени Азербайжан» партиясы президент Илхам Алиевдин жетекчилиги астында өткөн парламенттик шайлоодо 125 орундун 68ин утуп алды. Шайлоого катышуу 37 пайызды түздү, 2 миллион 196 миң 771 адам добуш берди. Өлкөдө 1-сентябрда башталган, жалпысынан 990 талапкер катышкан шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлдү. Себеби 2024-жылдын ноябрына белгиленген парламенттик шайлоонун күнү Бакудагы климаттык […]

Сизге жагышы мүмкүн