Экс-депутат Атазов тай боксу боюнча чемпион болду

Автор

Бүгүн 29-августта Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов Таиландда өтүп жаткан муай-тай (тай боксу) турниринде жеңүүчү болду.
45 жаштагы Шайлообек Атазовдун башкы атаандашы Таиланддын өкүлү Чиангкван Паномтед болду. Бул кармашта экс-депутат экинчи раундда техникалык нокаут менен жеңишке жетишкен. Атаандашы экинчи раунддун башында беттешти уланта алган жок, ал бутуна алган соккудан рингде жыгылган.
Ошентип, Атазов IBF Muaythai уюмунун чемпиондук курун жеңип алды.
Турнир өзү муай-тай боюнча эл аралык бокс федерациясынын колдоосу астында өтүп жатат

Бөлүшүү:
Next Post

Чемпиондор Лигасынын жалпы баскычына чүчү кулактын жыйынтыгы белгилүү болду

Чемпиондор Лигасынын 2024/2025 сезонунун жалпы этабынын биринчи казанына чүчүкулактын жыйынтыгы белгилүү болду. Процесске Италия курама командасынын мурдагы дарбазачысы Жанлуиджи Буффон жана “Аль-Насрдын” чабуулчусу Криштиану Роналду катышты. Чүчү кулак атайын автоматташтырылган программалык камсыздоонун жардамы менен өткөрүлдү. 36 клуб сезондун башталышында алардын клубдук рейтингинин негизинде төрт тогуз командалык идишке бөлүнгөн. Беттеш кайда […]

Сизге жагышы мүмкүн