Кыргыз саясаты ар түрдүү окуяларга жана аянычтуу тагдырларга бай. Алардын ичине бозгунда жүргөндөрдү да кошууга болот.
Маселен, экс-прзидент Курманбек Бакиев, экс-премьер – министр Данияр Үсөнов, экс-энергетика министри Сапарбек Балкыбеков, экс-премьер – министр Сапар Исаков, экс-транспорт министри Аргынбек Малабаев, экс-депутат Аскар Шадиев, экс-мэр Албек Ибраимов, УКМКнын экс-төрагасы Орозбек Опумбаев, экс-ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана башкалар. Булардын көпчүлүгү өлкөнү тоноп качып кетишсе, кээ бири саясий себептерден улам өлкөдөн чыгып кетишкен. Азырынча бозгунда жүргөн саясатчыларды экстрадициялоо боюнча алгылыктуу аракеттер жок. Бирок, өлкөдө козголгон кылмыш иштери гана бар.