8 жыл Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясын башкарган Тилек Матраимов боюнча ошол кездеги айрым айыл өкмөттөр көрсөтмө берип жатканы айтылууда. 8 жыл ичиндеги кетирилген кемчиликтер, тендерлер, чыгымдар боюнча кайрадан текшерүүлөр жүрүп, айтылуу аким Тилек Матраимовго оор дооматтар коюлары каңкууланууда. Эгер өз мезгилинде туура эмес иштер жүрүп жаткан болсо, көзөмөл жүргүзүп, чара көрбөгөн ошондогу бийлик өкүлдөрү да жоопко тартылышабы же, куйругун карматпай жылт коюшабы? Мындайда, мурунку же, кийинки дебей мамлекетти тоногондордун баары тең жоопко тартылууга тийиш.