Россияда “эко-тери”, “эко-мех”, “вегетариандык булгаары” жана ушул сыяктуу түшүнүктөрдү тыюуну пландаштырууда. Бул тууралуу Федерация кеңеши даярдаган өкмөткө сунуштамада айтылат.
Мындай демилге менен Россиянын булгаарычылар жана бут кийимчилер союзу Федерация Советине кайрылды. Аларды базарда контрафакттык продукциянын көбөйүп жатканы тынчсыздандырууда.
“Бүгүнкү күндө контрафакттык продукциянын негизги бөлүгү андан өтүп жатат, көзөмөл өтө начар. Импорттук бут кийимдерди бизге алып келген миндеген автомашиналардын ичинен бир нечеси гана кароодон өтөт,”-деп түшүндүрдү бирикменин башкы директору Александр Андрунакиевич.