Ыш менен күрөшүүдө жыйынтыкка жетишүү максатында Бишкек шаарында экологиялык полиция түзүү каралууда. Бул тууралуу Бишкектеги жана Чүй облусундагы абанын булгануу көйгөйлөрү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын экинчи жыйынында айтылды.
Маалыматка ылайык, комиссия Бишкектин четиндеги конуштарды газдаштыруу, жылуулук электр борборун 15 от казанын газга өткөрүү жана коомдук ден соолукту чыңдоочу борборлорду, мончолорду жана жеке секторлорду текшерүү жөнүндө пунктту киргизүүнү сунуштады.
Ведомстволор аралык комиссияга ыш маселеси менен иш алып барган ондон ашык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет.
Ордо калаада акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланат. Жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт.