Саясатта карааны көрүнбөй кеткен Мелис Мырзакматов чочугансып маектерди берип, бийликтин мактоочусуна айланды. Ал коомчулуктан четтеп, аркасындагы электоратын да унутуп, өзү менен өзү болуп калган. Айрым саясатчылар болсо, аны “саясаттан кетти”,- деп жиберишкен.
Мелис Мырзакматов 2020-жылдан кийин саясатка аралашпай, мындай аракетин учурдагы бийликти колдоо деп түшүндүргөн. Өткөн айда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров анын байлыгын санап, тымызын тиш кайраган.
Учурда өлкөнү башкаргандар менен достугун эске алганда Мелис мырзанын күлүгү кайрадан чабышы мүмкүн. Анда Акылбек Жапаров экөө тирешеби?