Эки түрдүү кошулмалардан турган десерт : кант, май, жана каймаксыз.
Курамында :
-тазаланган банан – 300 г;
-кара шоколад – 200 г.
Жасалышы:
Шоколадды майда бөлүктөргө бөлүңүз. Ылайыктуу идишке өткөрүңүз.
Биз идишти микротолкундуу мешке салып, ар бирин 10 секунддан кыска импульстар менен эритебиз. Кесек болуп калбаш үчүн бат – баттан аралаштырабыз.
Банандарды тереңирээк идишке өткөрүңүз. Бир тектүү массага чөмүлүүчү блендер менен майдалаңыз.
Банандардын үстүнө шоколад куюп, кайра баарын блендер менен майдалайсыз.
Форманы желим пленка менен жабабыз.
Ага шоколад-банан массасын куябыз.
Муздаткычта 2 саатка салып коебуз.
Бул рецепттеги банандарды каалаган жемиш менен алмаштырса болот. Мисалы, курма менен шоколад. Жакындарынызга жасап берип кубандырыңыз.