Эки округда шайлоо өткөрүү үчүн 22 миллиондой сом сарпталат

Автор

Ноокаттагы №5 жана Ысык-Көлдөгү №36 бир мандаттуу округда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнүн чыгымы 21 миллион 748 миң сом деп белгиленди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 30-июнга белгиленген шайлоонун шайлоо тилкелерин уюштуруу, комиссия түзүү, техникалык жабдуулар жана коопсуздукту камсыздоо чыгымдары менен эсептелди.
№5 Ноокат шайлоо округунан шайланып келген Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазып, 23-апрелде анын ыйгарым укуктары токтотулган. 25-апрелде №36 Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланган Максатбек Сарбагышевдин депутаттык мандатын өзү жазган арыздын негизинде алган.

Бөлүшүү:
Next Post

7-майда Путин кайрадан кызматка киришет

2018-жылдагы шайлоодо жеңип чыккан Владимир Путин орус лидеринин кызматына 7-майда киришет. Иш-чара салт боюнча Москва убактысы боюнча саат 12:00дө башталат. Болжол менен бир саатка созулат. Салтанат Кремль сарайында өтөт. Иш-чарага Мамлекеттик Думанын депутаттары, Федерация Кеңешинин мүчөлөрү жана Россия Федерациясынын Конституциялык сотунун судьялары катышат. Ошондой эле Ата Мекенге кызмат көрсөткөндүгү үчүн […]

Сизге жагышы мүмкүн