Тажик тараптын чакыруусуна байланыштуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кечээ Тажикстанга келди. Ал эки күн Душанбеде болот. Алар тар жана кеңейтилген форматта жолугушууларды өткөрүштү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз-Тажик мамилелеринин саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарындагы абалы талкууланды.
Министрлер БУУ, ЕККУ, ШКУ жана башка эл аралык уюмдардагы кызматташуунун алкагындагы өз ара кызматташууну да биргеликте талкуулашты.
Дүй Фев 5 , 2024
Быйыл 50 адамга бөйрөк алмаштыруу операциясы акысыз жасалат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне-баланы коргоо улуттук борборунда жасала турган бөйрөк алмаштыруу операциясына даярдык менен таанышуу учурунда айтты. Министрдин айтымында, Президент Садыр Жапаров кол койгон «Кыргыз Республикасындагы жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө» мыйзамда органдарды трансплатациялоо бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилип, донорлордун […]