Өткөн жумада Туркиядан келген жумушчулар Түрк элчилигинин алдында нааразычылык акциясына чыгышкан. Түрк жумушчулары маалымдагандай, Кыргызстанга алып келгендер айлык акыларын бербей көчөгө кууп салышкан. Ошондон бери алар Имам Сарахси мечитинде күн кечирип жатышат. Кечээ белгилүү болгондой, аларды эки депутат алып келип, ара жолго таштаганы айтылды. Эми арабөк калган түрк жарандары президентке жана УКМК төрагасына кайрылып, жардам сурашмакчы. Коомчулук болсо, мындай аракеттер өлкө абройуна доо кетирет деген пикирде.