Ичеги эмнеге экинчи мээ деп аталат? Ичеги тууралуу таң калтырган алты факты
- Өзүн-өзү башкарган нерв системасы
- Денедеги иммундук клеткаларыбыздын 70 пайызы ичегиде жайгашкан
- Заңдын 50 пайызы бактерия
- Көп түрдүү азык – ичеги микрободорун жакшыртат
- Сиздин маанайыңыз ичегиңизге көз каранды
- Ичегинин саламаттыгын жакшыртса болот
Албетте, бул органдын аты ичеги. Ичеги миллиондогон нейрон же нерв клеткалары менен туташкандыктан, аны “экинчи мээ” деп аташат.
Биздин тамак сиңирүү системабыздын башка да олуттуу функциялары бар.
Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, адамдын ичегисинин саламаттыгы иммундук системасына түздөн-түз байлануу болуп, кишинин психологиясына дагы таасир этет.