Эдуард Кубатов Гималайдагы Макалу чокусун багындырды

Автор

Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов Гималайдагы Макалу чокусун кычкылтек колдонбостон багындырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.
Анын айтымында, Непалдагы Гималай тоосундагы Макалу чокусу 8485 метр бийиктикте жайгашкан.
“Бул тоого кыргыз туусу 30-майда саат 9:30да көтөрүлдү. Ушул аябай оор чокуга кычкылтек колдонбой чыктым. Бул кыргыздын тарыхында биринчи жолу. Кара-Доо оор тоо болду, суук, шамал жана бийиктик. Жаратканым жеңишимди берди. Ушул жеңишимди элиме жана жериме арнадым. 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүн унутпаңыздар. Дал ушул окуя көз карандысыз Кыргызстандын түптөлүшү менен байланышып турат. Мен президент Садыр Жапаровго берген сөздү аткарганыма кубанычтамын. Анткени мен биздин желекти дүйнөнүн эң бийик чокуларында желбиретүүгө убада бергем. Эми муну ишке ашырдым деп ойлойм” , – деди Эдуард Кубатов.
Белгилей кетсек, Эдуард Кубатов 20-майда Гималай тоосундагы 8516 метр бийиктикте жайгашкан Лхоцзе чокусуна кычкылтек колдонбостон чыккан.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек мэри эмнеге шаарды тик учак менен кыдырды?

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, мэрдин орун басары Азамат Кадыров, башкы архитектор Урмат Карыбаев жана эл аралык «Nikken Sekkei» архитектуралык-шаар куруу компаниясынын өкүлдөрү шаарды үстүнөн кыдырды. Муниципалитеттен билдиришкендей, бул шаардын жаңы башкы планын иштеп чыгуу боюнча масштабдуу долбоорду ишке ашыруудагы алгачкы кадам болду. Шаар куруу жана урбанистика тармагында дүйнөлүк тажрыйбасы […]

Сизге жагышы мүмкүн