Эдуард Кубатов Гималайдагы Лхоцзе чокусун багындырды

Автор

Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов Гималайдагы Лхоцзе чокусун кычкылтек колдонбостон багындырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.
Анын айтымында, Непалдагы Гималай тоосундагы Лхоцзе чокусу 8516 метр бийиктикте жайгашкан.
“Ушул улуу тоого 20-майда саат 20:00дө ийгиликтүү чыктык. Жеңишимди кыргыз элиме, жериме жана сүйүктүү мамлекетибизге арнаймын! Биз өлкө президентине берген сөздү аткарганга аракет кылып жатабыз. Ошондой эле жеңишимди Париждеги Олимпиада оюндарына камданып жаткан улуттук курама командыбызга арнайм. Элибиз тарыхыбызда биринчи алтын байгени чыдамсыздык менен күтүп жатат. Кыргызстан алга!” – деди Эдуард Кубатов.

Бөлүшүү:
Next Post

Пенсияны көтөрүүнүн биринчи этабы башталат

Кыргызстанда 1-июлдан тарта пенсияны көтөрүүнүн биринчи этабы башталат. Бул тууралуу “Жаңы кадам” социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров билдирди. Өлкө башчысынын айтымында, буга чейин пенсияларды көтөрүү 2024-жылдын 1-октябрына белгиленген. “Мен Социалдык фонддун жетекчилиги менен сүйлөштүм. Андан соң пенсияларды көтөрүүнү 2024-жылдын 1-июлунан баштоо чечими кабыл алынды. Минималдуу пенсиялык […]

Сизге жагышы мүмкүн