Эдил Байсалов: “Фейсбукта жазылбаган сындарды бизге президент айтат”

Автор

Бизде жакырчылык өтө оор. Ал эми кымбатчылык жоюла элек. Билим берүү, саламаттык сактоо министрликтери жана жергиликтүү бийликтер ойдогудай иштей элек, ага шарт да түзүлө элек”,- деп билдирди минкаб төрага орун басары Эдил Байсалов белгилүү журналист Нарын Айыпка берген маегинде. “Фейсбукта жазылбаган сындарды бизге президент айтат. Көп сын пикирлер дайыма болуп турат. Антпесе, өнүгүү болбойт. Бирок, биздин коомдо кээ бир сын айткандар бийликти ууру, мокочо, коррупциялашкан деп, ал эми кимдир бирөө сын айтса, аны периште катары көрүшөт”,- деген ал. Айрым изилдөөчү журналисттерди акыйкаттыктан тайып, жамандык гана издегенге өтүп алышканын айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

Марадонанын балдары "Алтын топ" сыйлыгын аукциондон сатууга каршы чыгышты

Диего Марадонанын мураскорлору аукционго коюлган 1986-жылдагы дүйнө чемпионатында футболчуга ыйгарылган “Алтын топ” сыйлыгы боюнча сотко кайрылышты. Дүйнө чемпиондугунун эң мыкты оюнчусуна ыйгарылуучу “Алтын топ” кубогу табышмактуу жагдайларда ондогон жылдар бою жоголуп, жакында эле кайра пайда болду. Ал Парижде 6-июнда аукционго коюлат, деп билдирди өткөн аптада “Aguttes” аукциондук үйү. Марадона сыйлыкка […]

Сизге жагышы мүмкүн