Министрлер кабинети менен Жогорку Кеңештин ортосун кара мышык аралаганы, буга Эдил Байсаловдун парламентти кемсинткен сөздөрү себеп болгону, депутаттар экинчи жолу аны кызматтан кетирүү боюнча токтом кабыл алып, президентке жолдоору тар чөйрөдө айтылып жатат. Акылбек Жапаров орун басары Эдил Байсаловду кызматтан албаса, бийликтин ичинде нааразычылыктар күчөп, ынтымагына доо кетеби?
Айрым депутаттар “төрага бул маселени президент менен сүйлөшүп келген. 2 айдан бери күттүк. Мындан ары төрага жооп берсин”,- дешүүдө.