Жогорку Кеңештеги эки бийликчил фракция Эдил Байсаловду кызматтан кетирүү сунушун берди. Кечээ, ал парламент жыйынында депутаттар менен кайым айтышып, суроолорго жооп бере албай койгон. Депутат Надира Нарматова “ким суроо берсе эле тап берип жатасыз. Сиз кимсиз өзү? Суроолорго жооп бере албасаңыз эмнеге келдиңиз”,- деп какты. Депутаттар аны кызматтан кетиши керектигин билдиришип, билген бирөө эмнеге келген жок деп сурашты эле анын Координациялык Кеңештин төрагасы экендиги айтылды.