Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсаловдун отставкасын талап кылып, ал Мамлекеттик кызматтын этикасын бузду деп бүгүнкү жалпы жыйынында билдирди. Анын парламентке карата айткан акаараты кечирилгис деди.
“Эдил Байсалов кофе ичип, башы айланса эле ар нерсени сүйлөй береби? Урматтуу төрага, депутаттар, буга чара көрүү зарыл”,- деп билдирди.