“Мен Эдил Байсалов боюнча Акылбек Жапаров менен да, президент менен да сүйлөшөм. Ал комитет жыйынында айткан сөзүнө жана берген маегине жооп бериши керек”,- деп билдирди төрага Нурлан Шакиев. 22-июндагы пленардык жыйында Айбек Осмонов президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмаз Абытовдун сөзүнө нааразычылык билдирип, “ар кимиңер укугуңарды билгиле деп, бул киши да туура эмес сүйлөп жатат”,-деди эле Эрулан Кокулов түз эле Эдил Байсаловдун отставкасын талап кылды. Депутаттар Мирлан Самыйкожо, Нуржигит Кадырбековдор аталган чиновникке нааразычылык билдиришти.