Жогорку Кеңештин депутаттары Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун отставкасын талап кылышты. Шайлообек Атазов “үч фракциясынын чечими менен Эдил Байсаловдун отставкасын президентке сунуштадык эле. Үч фракциянын чечими аткарылбаса, парламент отставкага кетиши керекпи? Же, бир вице-премьер министрдин кадыры парламенттин кадырынан бийик туруп жатабы”,-деп сурады.
Ал эми төрага бул маселе күн тартибинен алынбаганын айтып, жакында чечим кабыл алынаарын билдирди.