30-31-августта Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда төкмө акындардын XVII эл аралык кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышы өтөт. Бул тууралуу “Манас” улуттук театрынан билдиришти.
Эл аралык сынак Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө, Арстанбек Буйлаш уулунун 200 жылдыгына, Токтогул Сатылгановдун 160 жылдыгына, Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына, Алымкул Үсөнбаевдин 130 жылдыгына арналып өткөрүлөт.
Айтыштын байге фонду 3 миллион сомду түзөт. Тандоо туру 12-августта “Манас” театрында болуп өткөн.