Эгемендүүлүк күнү коомдук транспорт түнкү экиге чейин иштейт

Автор

Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында эгемендүүлүк күнүнө жана Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата көптөгөн майрамдык иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чаралар түнкү саат экиге чейин өткөрүлөт, андыктан коомдук транспорт түнкү экиге чейин жүрөт.
Мэрия майрамдык иш-чаралар өтө турган аймактарда тыгындарды болтурбоо үчүн, шаардыктарга жеке унаанын ордуна коомдук транспортто жүрүүнү сунуштайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Көчмөндөр оюндары -2024: Кыргызстандык катышуучулардын спорттук кийимдери көрсөтүлдү

Астанада өтө турган бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган спортчулардын параддык жана спорттук кийими даяр болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады. Спортчулар параддык форманы 8-сентябрь күнү оюндардын ачылыш аземинде кийип чыгат. Аталган кийим 10 элементтен турат: параддык форма (ак калпак, блейзер-пиджак, поло футболка, шым), спорттук форма (баш […]

Сизге жагышы мүмкүн