Эгемендүүлүк күнүнө карата коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Автор

Кыргызстанда 31-август — Эгемендүүлүк күнүндө коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешмеде билдирди.
Ведомствонун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кеңешмеде өлкө аймагындагы коомдук-саясий абалга кедергисин тийгизген факторлорго бөгөт коюу, элдин коопсуздугун камсыздоо жана укук бузууларга жол бербөө иш-чараларын күчөтүү маселелери каралды.
Министр Эгемендүүлүк күнүнө арналган ар бир иш-чарада милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыздоону тапшырды. Маданий иш-чаралар өтө турган жерлерде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чараларын дагы күчөтүү керектиги айтылып, ар бир жетекчи кол алдындагы кызматкерлерин көзөмөлгө алууларын эскертти.
Ошондой эле Улан Ниязбеков эки ай бою аймактарды кыдырарын, аткарылып жаткан иштер менен жеринен таанышарын белгиледи.
Онлайн режиминде өткөн жыйынга министрдин орун басарлары, ИИМдин борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Саламаттыкты сактоо министрлиги: Акыркы он күндө 400 палестиналык каза болду

Акыркы он күндүн ичинде Израил армиясынын блокададагы Газа секторуна жасаган чабуулдарынан 400 адам каза таап, дагы 1067 палестиналык жаракат алган. Бул маалыматтар 25-август, жекшемби күнү Газадагы палестин Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жарыяланган. Израилдин кургактан, деңизден жана абадан жасаган массалык чабуулдары 324 күндөн бери уланууда. Акыркы сутка ичинде эле Израилдин бомбалоолорунан […]

Сизге жагышы мүмкүн