Эгемендүүлүк күнүнө карата концерт тууралуу президент үн катты

Автор

Эгемендүүлүк күнүнө карата концерт тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине комментарий берди.
Маекти толугу менен беребиз:
– Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Өзүңүз деле байксаңыз керек, акыркы күндөрү соцтармактын кыргыз бөлүгүндө эң эле кызуу талкууланган тема чет элдик артисттер Эгемендүүлүк күнүндөгү концертке келет деген маалымат болууда. Алар чындап эле өздөрү демилге көтөрүп жана чындап эле акысыз ырдап берели дештиби?
– Мага маданият министри ушундай маалымат бергенде мен чындап эле сүйүндүм. Мурда Кыргызстан ким экенин бул өлкө каякта экенин билбеген чет элдиктер көп болчу. Азыр эми силердин көз карандысыздыгыңарды куттуктап эли журтуңарга концерт тартуулап кетели дегендерди кубануу менен тосуп албайлыбы.
– Гонорар албаса аларга келип эмне азап? Ишенбегендер дал ушул жүйөөнү келтирүүдө?

– Гонорар албай эле келип кетебиз дешкен экен. Кудай жалгасын дедим. Албетте, жата турган жерин, тамак-ашын камсыз кылып беребиз. Биз меймандос калкпыз.

– Сиздин пикирде эмне үчүн ушундай талаш-тартыш болууда?

– Бул маселени акылы тайкы, алысты көрө албаган саясатчылар көтөрүп жатат. Аларды зомбилери ээрчип атат. Эсиңердеби? Бизди эч ким тааныбайт, өлкөбүзгө эч ким келбей койот дегендер болгон. Азыр таанымак турсун, Кыргызстан менен бардык өлкөлөр эсептеше баштады. Келе жаткан жылы дүйнөлүк державалардын президенттери келээри күтүлүп жатат. Мурда чындап эле керек болсо кошуна өлкөлөр теңине алчу эмес. Азыр Кудайга шүгүрбүз. Ошондуктан, анча мынча бузукуларга көңүл бурбагыла. Ким уккусу келбесе укпай эле койсун. Эч кимди зордобойбуз.

Бөлүшүү:
Next Post

Павел Дуров Нобель сыйлыгына көрсөтүлдү

Евразиялык эл аралык университеттин ректору Константин Клименко Павел Дуровдун кандидатурасын Нобель сыйлыгына көрсөттү. Клименконун айтымында, ал Нобель комитетине расмий сунуш жөнөткөн. Telegram’дын негиздөөчүсүн ректор көрүнүктүү инсан деп атады. “Ал жаңы санариптик технологиялар доорунун лидери болуп саналат. Менин оюмча, Дуров Нобель сыйлыгына татыктуу. Ошондуктан, мен Павел Дуровго Нобель сыйлыгын ыйгаруу боюнча […]

Сизге жагышы мүмкүн