Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте өтө турган иш-чаралардын программасы

Автор

31-августта Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Бишкек шаарынын райондорунда бир катар майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бул күнү төмөнкү иш-чаралар уюштурулат:

Свердлов району:

29-30-август күндөрү саат 17:00дөн 18:00гө чейин Чыгыш-5 кичи районундагы Арбат аллеясында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган ачык асман алдында сүрөт көргөзмөсү өтөт;
31-август күнү саат 08:00дөн баштап Каражыгач токоюнда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган ачык асман алдында сүрөт көргөзмөсү, ошондой эле спорттук оюндар жана тамактануу зоналары уюштурулат.
Октябрь району:

31-августта Көк-Жар айылында концерт жана спорттук оюндар уюштурулат.
Биринчи май району:

31-августта Ак-Босого жаңы конушунда “Этникалык шаарча” уюштурулуп, боз үйдүн ички, тышкы жасалгасы жана концерттик программа, улуттук тамак-аш, оюн-зоок, спорттук мелдештер уюштурулат.
Ленин району:

31-август саат 16:00 Ю. Фучик көчөсү, 18а үйүнүн жашоочулары үчүн оюн аянтчасында иш-чара өткөрүлөт, ар кандай оюндар уюштурулуп, ал майрамдык концерт менен коштолот;
31-августта саат 10:00дө “Люкс” эс алуу скверинде өспүрүмдөр арасында спорттук иш-чараларды өткөрүү пландалууда;
31-августта саат 15:00дө Ала-Тоо конушунда балдар аянтчасында мектеп жашындагы балдар арасында футбол боюнча мелдеш өтөт;
31-август күнү саат 10:00дө №79 мектепте Арча-Бешик конушунун тургундарына концерт тартууланып, улуттук оюндар уюштурулат;
31-августта саат 17:00дөн 22:00гө чейин Азия-Молл соода борборунун фасадында орус жана кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт болот;
31-августта саат 11:00дө “Ынтымак” жаңы конушунда шаар тургундарынын катышуусунда концерт болот;
31-августта саат 14:00дө Жаш Гвардия менен Чүй проспектисинин кесилишинде шаардык “Диалог” маданият үйү Бишкек шаарынын тургундарына майрамдык концерт уюштурат.

Бөлүшүү:
Next Post

Зеленский Украина баллистикалык ракета жасаганын айтты

Зеленский Украина баллистикалык ракета жасаганын айтты 27-августтагы маалымат жыйынында Владимир Зеленский Украина биринчи баллистикалык ракетасын ийгиликтүү сынаганын айтты. Бул Украинанын аскердик-өнөр жай комплексинин жетишкендиги. Ал согуштун жүрүшүнө олуттуу таасир эте алат, бирок украин президенти кандай өнүгүү жөнүндө айтып жатышы мүмкүн? «Мен бул тууралуу айтууга али эрте деп ойлогом, бирок украиналык […]

Сизге жагышы мүмкүн