Эгемендүүлүк күнүндө фейерверктен өрт чыкты

Автор

Дүйшөмбүдө 9-сентябрдын кечинде Тажикстандын эгемендигине карата фейерверк атылган учурда Истиклол аянтынын жанында өрт чыкты. Тилсиз жоонун келип чыгуусуна салюттун учкундарынын куураган чөпкө түшкөнү себеп болгон. Өрт өчүрүүчүлөр 15 мүнөттүн ичинде жалынды чектөөгө алышкан.
Эч ким жабыркаган эмес.
Тажикстандын мамлекеттик эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына карата 9-сентябрда борбордогу Истиклол аянтында белгилүү аткаруучулардын катышуусунда театралдаштырылган шоу болуп өткөн. Майрамдын урматына фейерверк жандырылган.

Бөлүшүү:
Next Post

11-сентябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 11-сентябрга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан, кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда […]

Сизге жагышы мүмкүн