Эвересттен 11 тонна таштанды чыгарылды

Автор

Непал өкмөтү каржылаган команда бир нече жума бою Эвересттеги базалык лагерлердин аймагын тазалады. Euronews билдиргендей, алар 11 тонна таштанды чогултушкан, бирок тоону толук тазалоо үчүн көп жылдар талап кылынышы мүмкүн деп билдиришти.
«Таштандынын көбү эски экспедициялардан калган. Акыркы экспедициялардан анчалык көп эмес. Анткени бүгүнкү күндө өкмөт жана жергиликтүү бийликтер тарабынан коюлган эрежелер катуураак жана альпинисттер өздөрү да жоопкерчиликтүү жүрүшөт»,-дейт шерп Анг Бабу.
Он жыл мурда Непал өкмөтү альпинисттерди таштанды чогултуп, кайра алып кетүүгө милдеттендирген. Бирок экстремалдык шарттарда ар ким эле бул талапты аткарууга даяр эмес. Анткени алар өз өмүрүн сактоого көңүл бурушат.
Дүйнөнүн эң бийик чокусуна чыгуу өмүргө коркунуч туудурат. Көз жумгандар аскаларда калып калат. Команданын катышуучулары беш адамдын сөөгүн таап, ылдыйга алып кетишти.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкектен троллейбус каттамдары толугу менен алынат

Бишкектен троллейбус каттамдары толугу менен алынат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, мындай кадам менен шаар ичи троллейбус линияларынан тазаланып, учур талабына жараша мобилдүү автобустар эл ташууга киргизилет. “Биз бардык аракеттерибизди шаар тургундарынын ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү үчүн кылып жатабыз. Кыйма-чийме троллейбус линиялары алынат, […]

Сизге жагышы мүмкүн