Ысык-Көл өнүктүрүү фондун директорунун орун басары жана бөлүм башчысы кармалды

Автор

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын директорунун орун басары К.Р.А. жана бөлүм башчысы У.Т.У. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалматка ылайык, УКМК Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарынын натыйжалуу пайдаланылышын текшерүү боюнча өлкө жетекчилигинин тапшырмасын аткаруу үчүн Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясын текшерип жатат. Натыйжада, аталган мекемеде акча каражаттарын негизсиз бөлүү жана максатсыз пайдалануу фактылары аныкталып, бул региондогу экономикалык активдүүлүктүн өнүгүшүнө терс таасирин тийгизген.
Мисалы, Балыкчы шаарында бетон заводун курууга 5 жылдык мөөнөткө 6 млн сом өлчөмүндө үстөксүз ссуда бөлүнүп, бирок насыя алуучу каражатты максатсыз пайдаланган. Алдын ала маалыматтар боюнча, негизсиз берилген пайызсыз ссудалардын жалпы көлөмү болжол менен 31,5 млн сомду түзөт.
2024-жылдын 21-февралында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын директорунун орун басары К.Р.А. жана бөлүм башчысы У.Т.У. Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда УКМК тарабынан Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын ушундай эле мыйзам бузуу фактыларын аныктоо боюнча текшерүү иш-чаралары улантылууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Эмнеге 2 жолу Нобель сыйлыгын алган илимпозду университетке албай койгон?

Дүйнөгө атагы чыккан физик жана химик Мария Кюри 2 жолу Нобель сыйлыгын алган алгачкы илимпоз. Ал радиоактивдүүлүк боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Күйөөсү Пьер Кюри менен бирге радий жана полоний элементтерин ойлоп тапкан. Полоний элементине өзүнүн мекени Польшанын ысмын ыйгарган. Мария Кюри Жогорку окуу жайга кабыл алуу экзамендерине келгенде аны албай коюшкан. […]

Сизге жагышы мүмкүн