Ысык-Көл театры Түркмөнстанда эл аралык фестивалда баш байгени жеңип алды

Автор

К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры Түркмөнстанда өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин II эл аралык театралдык фестивалынын баш байгесин жеңип алды.Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, театралдык фестиваль ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан уюштурулган.
Кыргызстанга келген аталган фестивалдын жеңүүчүлөрүн Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жамааты тосуп алды.
Эскерте кетсек, аталган фестиваль Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп, ага түрк тилдүү өлкөлөрдүн театрлары катышкан. К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры фестивалга “Ак кеме” спектакли менен катышып, фестивалдын “Эң мыкты спектакль” номинациясынын баш байгесин (Гран-при) утуп алды.
Спектаклдин режиссёру Уланмырза Карыпбаев.

Бөлүшүү:
Next Post

АФК жана КФБ президенттери жолугушту

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөбүзгө расмий иш сапар менен келген Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти шейх Салман бин Ибрагим аль-Халифаны кабыл алып, алар спорт тармагы менен бирге футболду өнүктүрүү маселесин талкуулашты. Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин АФК менен болгон кызматташуусу ийгиликтүү уланаарына маалымдады. Быйыл КФБ футболду өнүктүрүү багытын көздөп, 18 […]

Сизге жагышы мүмкүн