Ысык-Көл районунан шайлоого кимдер аттанууда?

Автор

Ысык-Көл шайлоо округдарында 30-июнда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясы бул округдарда мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди каттоону баштаган.
№36 Ысык-Кѳл шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген талапкерлердин тизмеси:
1. Мазымканов Атабек Дюшенович. 1964-жылы туулган. «Иштерман» муниципалдык ишканасында механик. Ал жергиликтүү администрация башчысынын орун басарлыгына ат салышып, бирок, мамлекеттик кадр кызматынын маалыматы боюнча, сынактан өтпөй калган.
2. Момбеков Бактыбек Карыпович. 1981-жылы туулган. Жеке ишкер, убактылуу иштебейт. Ал Семеновка айылынын жергиликтүү кеңешине депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде болгон. Ал тургай, аны жетектеген.
3. Мукамбетов Джакшылык Мамбетказиевич. Мукамбетов 1966-жылы туулган. «Климат КГ» ЖЧКсынын башкы директору. Лебедин айылдык кеңешине депутаттыкка талапкер болгон. Ал 2021-жылдагы парламенттик шайлоого Социал-демократтар партиясынан ат салышкан.
4. Иманалиев Данир Белекович. Иманалиев 1977-жылы туулган. Ысык-Көл районунун акими болуп иштеген. Андан кийин Ноокат районун жетектеген. 2023-жылы өз каалоосу менен кызматтан кеткен.
5. Тентимишев Султан Таалайбекович. Ысык-Көл районунун Өрүктү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы болуп иштеген.
Эске салсак, Ысык-Көл шайлоо округунан Максатбек Сарбагышев 25-апрелде мандатын тапшырууга арыз жазган.

Бөлүшүү:
Next Post

Эрдоган төңкөрүш тууралуу маалыматтан кийин чукул жыйын өткөрдү

Түрк улутчул партиясынын лидери Девлет Бахчели төңкөрүш аракети болушу мүмкүн экенин эскерткенден кийин президент Режеп Тайып Эрдоган чалгындоо жана юстиция министрлигинин жетекчилери менен чукул жыйын өткөрдү. Бир күн мурда Анкаранын Башкы прокуратурасы борбор калаадагы башкармалыктын үч полиция кызматкерине кылмыштуу уюмга тиешеси бар деген шек менен тергөө ишин баштаган. Алардын үйлөрү […]

Сизге жагышы мүмкүн