2023-жылга республикалык бюджеттен Ысык-Көл облусун өнүктүрүүгө 82,4 млн сом каралат. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Райондор боюнча төмөнкүчө:
- Аксуу району- 32,4 млн сом;
- Ысык-Көл району- 11,3 млн. сом;
- Тоң району- 22,6 млн. сом;
- Түп району- 16,1 млн. сом;
Министрликтин маалыматында Жети-Өгүз району боюнча айтылган эмес. Мекеменин басма сөз кызматы менен байланышканыбызда аталган район өзүн-өзү камсыздай алгандыктан теңдөөчү трансферт албай тургандыгын билдиришти.