Ушул жылдын 15-августуна карата Ысык-Көл облусуна республикалык бюджеттен бюджеттер аралык трансферттер түрүндө 891,3 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, каражат төмөнкүлөргө бөлүнгөн:
теңдөө трансферттери – 159,6 млн сом;
уруксат берүү – 15,9 млн сом;
мамлекеттик каттоочуларга – 2,5 млн сом;
электр энергиясы үчүн 50% компенсация – 21,9 млн сом;
жер салыгы боюнча жоготуулардын ордун толтуруу – 14,4 млн сом;
айылдардын башкы планын өнүктүрүүгө – 26,7 млн сом;
Каракол шаарын өнүктүрүүгө – 650 млн сом.