Ысык-Көлдө 275 орундуу мектептин курулушу аяктады

Автор

Ысык-Көл районун Григорьевка айылындагы А.Пушкина атындагы 275 орундуу мектептин курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган мектептин курулушу Мамкурулуш агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан жүргүзүлдү.
Мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, 2016-жылы башталган. Бүгүнкү күндө мектеп дээрлик 98 пайызга бүткөрүлүп, айланасын жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө. Үстүбүздөгү жылы пайдаланууга тапшырылат.

Бөлүшүү:
Next Post

Күздөн тарта дарыгерлердин айлыгы 50%га көтөрүлөт

Сентябрдан тарта Кыргызстанда дарыгерлердин айлыгы 50%га көтөрүлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медербек Исмаилов билдирди. Анын айтымында, медайымдардын маянасы 20%, кенже медициналык кызматкерлердин айлыгы 10% жогорулайт. Белгиленгендей, учурда бул маселе боюнча президенттин жарлыгы даярдалып жатат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн