Ысык-Көлдө чагылган тийип 250 баш кой өлдү

Автор

Тоң районунун Кажы-Саз айылына чагылган түшүп, натыйжада 250 баш кой өлгөн. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү билдирди.
ӨКМ тараткан маалыматка ылайык, кечээ, 7-июлда саат 17:00 чамасында Тоң районунун Кун-Чыгыш айыл аймагынын Кажы-Саз айылынын Жазы-Кечүү жайлоосунда алдын ала маалымат боюнча болжол менен 250 баш койго чагылган тийип өлгөндүгу тууралуу маалымат түшкөн.
Жеринде тактоо иштерин жүргүзүүгѳ Жарандык коргонуу комиссиясы жана Тоң райондук ƟКБдан ыкчам топ тартылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Күн сайын эң пайдалуу кеңештер

Драмалык болбо же Чымындан пил жасаба! Көпчүлүгү кичинекей мүчүлүштүктөрдөн катастрофаларды жаратып, ошого жараша жооп беришет. Башкача айтканда, чымындан пил жасашат. Бул адат тынчсызданууну пайда кылат, анын себеби, чындыгында, жок, же өтө кичинекей болгондуктан, тынчсыздана турган эч нерсе жок. Өткөн менен жашаба. Бул кеңеш баарынан маанилүү: унутуп, жашооңузду улантыңыз. Бул дүйнөдөгү […]

Сизге жагышы мүмкүн