Бүгүн, 29-ноябрда Ысык-Көлдө климаттын өзгөрүү шарттарында өлкөнүн суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жана Ысык-Көлдү сактоого арналган улуттук суу форуму өтүүдө.
Форум Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен уюштурулду.
Форумдун максаты — Кыргызстандын суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана климаттын өзгөрүү шарттарында Ысык-Көлдү сактоо.
Форум тажрыйба алмашуу, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана көлдү коргоо жаатында конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болмокчу.
Белгилей кетсек, Улуттук суу форуму биринчи жолу былтыр 2023-жылы өткөн.