Ысык-Көлдө туристтик сезон ачылат

Автор

Чолпон-Ата шаарында 13-май күнү Issyk-Kul ITF 2023 эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Анын алкагында быйылкы туристтик сезондун расмий ачылышына старт берилет.

Иш-чара Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборунда болуп, коноктор туристтик компаниялардын, пансионаттардын, конок үйлөрдүн жана туризм чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдардын товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү менен тааныша алышат. Ошондой эле этникалык оюндар, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстары уюштурулуп, маданий программа тартууланат.

Issyk-Kul ITF — бул жыл сайын эл аралык туристтик компаниялардын, туроператорлордун, агенттиктердин, туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик түзүмдөрдүн, авиакомпаниялардын, эл ташуучу компаниялардын, мейманканалардын жана медиасектордун өкүлдөрүнүн жолугушуучу жери.

Максаты өлкөнүн туризм чөйрөсүн өнүктүрүү, туристтик бизнестердин ортосундагы кызматтык байланышты түзүү, туризм дараметин эл аралык рынокто илгерилетүү, эс алуу жана ден соолукту чыңдоо үчүн чет өлкөлүк туристтерди тартууга көмөктөшүү болуп саналат.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Сапаттын окуучусу эл аралык олимпиададан коло медаль тагынды

Эл аралык “Cапат” билим берүү мекемесинин  Жусуп Баласагын атындагы Токмок лицейинин 11-классынын окуучусу Решетников Иван 57-Эл аралык Менделеев химия олимпиадасында коло медаль тагынды. Менделеев химия олимпиадасы 30-апрелден 7-майга чейин Астана (Казахстан) шаарында өттү. Ага Кыргызстандан алты окуучу катышкан. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн