Ысык-Көлдө сел кесепетин жоюу уланууда

Автор

Бүгүн, 20-августта таң эрте сел кесепеттерин жоюу иш-чараларын улантуу үчүн жалпы 755 адам, 59 атайын техника тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен ӨКМден 358 куткаруучу, 7 инженердик техника, 8 мотопомпа чыкты .
Ал эми облустук Жарандык коргонуу кызматтарынан 397 кызматкер жана 33 ХОВО, 16 жүктөгүч, 7 экскаватор, 3 ассенизатор тартылган.
Алдын ала маалымат боюнча Ысык-Көл районунда 497 турак үй, 3 социалдык мекеме (1 бала бакча, 1 ФАП, 1 китепкана) эс алуу жайлары жабыркаган.

Бөлүшүү:
Next Post

“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча алгачкы жыйын өттү

Бүгүн, 20-августта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги астында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, отурумда КР министрлер кабинети менен “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан“ темир жол компаниясы” жоопкерчилиги чектелген […]

Сизге жагышы мүмкүн