Ысык-Көлдө сел жүрүп, 17 үйдү суу каптады

Автор

Ысык-Көл районунун аймагында катталган селдин кесепетинен Чолпон-Ата шаарынын Тогуз–Булак тилкесинде 4 турак үйдү. Ал эми Бактуу-Долоноту айылындагы Бактуу-Долоноту суусунун деңгээли көтөрүлүп, нугунан чыгып, натыйжада 9 турак үйдү сел суулары каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле Булан-Соготу айылында 1, ал эми Бостери айылында 3 турак үйгө суулар кирип, “Кооператив строитель” Бостери дачасына бара турган жолдогу ички чарбалык жолду жана көпүрөнү суу агызып кеткен.
Жалпысынан болжол менен 17 турак үйдү суу каптап, 1 ички чарбалык көпүрөнү агызган. Жеринде ӨКМден 27 куткаруучу жана шаардык Жарандык коргонуу кызматынын күч-каражаттары жеринде иштөөдө жана тактоо иштерин жүргүзүүдө.
Жалпысынан 40 куткаруучу, 3 мотопомпа жеринде иштеп жатат. Ысык-Көл районунун Жарандык коргоонуу кызматтарынан жалпы 60 адам, Чолпон-Ата шаарыдк мэрия тарабынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, Суу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч такзалоо иштерин жүргүзүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж -2024: Олимпиададан күмүш уткандар 10 млн сомдон, коло медалдарга 7 млн сом берилет

Париждеги Олимп оюндарында күмүш медаль уткан кыргызстандык спортчуларга 10 млн сом берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинети маалымдады. Мээрим Жуманазарова менен Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиаданын күмүш медалын алышты. Буйруса экөө тең 10 млн сомдон алышат. Ал эми коло байге ээлери мурда 5 миллион сомдон алышса, бу сапар 7 млн сомдон алышат. […]

Сизге жагышы мүмкүн