Ысык-Көлдө сел алган жерлер калыбына келтирилүүдө

Автор

Нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Балыкчы –Бөкөнбаев – Каракол автожолунун 25-71-чакырымдарында сел жүргөн. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Ушул эле жолду айланып өтүүчү 32+702-чакырымынан баштап 4 жерден 500 метр ашык жолду сел жууп кеткен.
Мындан тышкары, курулуп жаткан долбоордун 37+500-чакырымынан 37+800-чакырымына чейинки тилкелериндеги жол жээги селдин кесепетинен бузулган.
Учурда подрядчы «Кыргызжолкурулуш» ЖЧК тарабынан жогорудагы аймактарды калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 13-август саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 85 сом 65 тыйын болсо, сатуу 85 сом 90 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 85 сом деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн