Ысык-Көл жана Тоң райондорунун селден жабыркаган жарандарына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен гуманитардык жардам жеткирилди.
Гуманитардык жардам жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө ӨКМдин кызматкерлери тарабынан өткөрүлүп берилди.
Селден жабыркаган жалпы эки райондун тургундарына 21,95 тонна биринчи сорттогу ун, 4,390 тонна кумшекер, 4390 литр өсүмдүк майы жана 8780 банка эт консервасы бөлүнүп берилди.