Ысык-Көлдө күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Автор

Ысык-Көлдө 11-апрель күнү саат 23:08де очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылында 3,5 балл, Чоң-Кызыл-Суу айылында 3 балл, Ак-Суу районунун Подгорный, Теплоключенка айылдарында жана Каракол шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутат экс-мэрди кармап келүү үчүн уруксат сурады

Жогорку Кеңештин депутаты Коргонбай уулу Жусупбек бир кездеги кегин эстеди. Ал парламенттин жыйынында “мен Бишкек шаарынын эки жолку депутаты болгомун. Ошондо Албек Ибраимовду сен уурусуң дечүмүн. Алар менин мандатымды алып тынышкан. Мага алакандай кагаз бергилечи. Албек Ибраимовду балдар менен барып, өзүм эле алып келип берейин”,-деди. Октябрь окуялары боюнча күнөөлөнүп жаткан […]

Сизге жагышы мүмкүн