Ысык-Көлдүн түндүк аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 30-октябрда түнкү саат 01:35те очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ысык-Көл районунун аймагында Ананьево айылынан түштүк-чыгышка карай 10 чакырым, Каракол шаарынан түндүк-батышка карай 57 чакырым аралыкта жайгашкан. Анын күчү Чоң-Өрүктү, Кароол-Дөбө, Ананьево, Жаркынбаев айылдарында 3 балл, Кичи-Өрүктү, Кожояр-Ата, Көк-Дөбө айылдарында 2,5 баллга жеткен.
Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Билим берүү бөлүмүнүн башчылары коррупциялык система түзүп алышкан
Шар Окт 30 , 2024