Ысык-Көлдө жер титиреди

Автор

Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 21-июнда саат 08:13тө катталган.
Жер титирөөнүн очогу Ак-Суу районунун Эчкили-Таш айылынан түштүк-чыгышка карай 25 чакырым, Түп районунун Кең-Суу айылынан түштүк-чыгышка карай 32 чакырым, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 103 чакырым аралыкта жайгашкан.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.

Бөлүшүү:
Next Post

Баткенде 2,8 млн сомго килем цехи ишке берилет

Баткен районунун Ак-Сай айылында килем цехи ишке берилет. Анда 28 адам жумуш менен камсыз болот. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Килем токуу ишканасын куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн, айылдагы союз маалында кондитердик цех болгон имарат капиталдык оңдоп түзөөдөн өттү. Ага Баткен облусун өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн […]

Сизге жагышы мүмкүн